Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 5-апрели № 116/21-7
“А.Күрүчбекова жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнун 4-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы-мэр А.Джузупбековдун 03.04.2018-жылдагы №01-2/454 сандуу Сунуштамасынын негизинде, Талас шаардык мэриясынын вице-мэри бош кызмат ордуна А.Күрүчбекованы дайындоого макулдук жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу -мэриясынын вице-мэри бош кызмат ордуна А.Күрүчбекованы дайындоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | И. Ырсалиева |