Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 1/4
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата «Домпой Булак» ИСКАКБнын бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таза суну натыйжалуу, сарамжалдуу колдонуу жана пайдалануу үчүн «Домпой Булак» ИСКАКБнын бюджетин бекитүү боюнча Баш-Кууганды айыл аймагынын «Домпой Булак» ИКАКБнын төрагасы К.Исаевдин 2015-жылдагы аткарылган иштерин жана 2016-жылда аткара турган иштери жөнүндө маалыматты угуп Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Баш-Куганды айыл аймагынын «Домпой Булак» ИСКАКБнын 2016-жылга каралган бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин. Жалпы 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети 336602 (үч жүз отуз алты миң алты жүз эки сом) деп кабыл алынсын.
2. Үй ичине суу киргизүү үчүн уруксаат (разрешение) алуудагы төлөнүүчү сумма 3000 (үч миң) сом деп бекитилсин.
3. Үй жана көчө колонкасынан суу пайдалангандыгы үчүн тарифин бекитүү:
-ичүүчү суу акысы көчө колонкасынан 1 (бир ) адамга 20 (жыйырма) сом деп белгиленсин.
-үй ичинен суу ичкендиги үчүн суу акысы 1 (бир) адамга 25 (жыйырма беш) сом деп белгиленсин.
4. Ичүүчү суунун трафигин бекитүүдө
3. Бул токтомдун аткарылышы Баш-Кууганды айыл аймагынын «Домпой Булак»ИСКАКБнын төрагасы К.Исаевге жана комитеттин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgai .kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Ажыгулов |