Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 5-апрель №118/21-7
Кайрым” борборун кармоо үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамынын 44-беренеси, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 05.04.2018-жылдагы №01-1/473 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык мэриясынын алдындагы зордук-зомбулукт ан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүү “Кайрым” борборун кармоо максатында 2017-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүүдөн арткан 36,7 мин сом акчаны борбордун(комуналдык чыгымдары, ар кандай жана байланыш беренелерине) бөлүп берүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаардык мэриясынын алдындагы зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүү “Кайрым” борборун кармоо максатында 2017- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүүдөн арткан 36,7 мин сом акча каражаты борбордун(комуналдык чыгымдары, ар кандай жана байланыш беренелерине) бөлүнүп берилсин.
2. Талас каржы башкармалыгына ( Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) жүктөлсүн.
Төрага | И. Ырсалиева |