Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 5-апрели№119/21-7
Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсү №312 дарегиндеги имараттын базасында бала бакча ачууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 5.04.2018-жылдагы №01-1/474сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жеенбековдун 29.12.2017-жылдагы № 01-19-19983 сандуу тапшырмасына ылайык мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык обьекттерди мамлекетке кайтаруу багытында иш чараларды күчөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер министри Д.Кенекеевдин 29.01.2018-жылдагы № 21-3-33 жана Кырыгыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 06.03.2018-жылдагы №03-1/1463 сандуу каттарын көзөмөлгө алып, Талас шаарындагы Ч.Сатаев көчөсү №29 дарегинде жайгашкан мурдагы №12 бала бакчасынын имаратын кайтарып алуу жана ал имаратка Талас райондук, шаардык билим берүү берүү бөлүмүн көчүрүп, ошол Ч.Айтматов көчөсү №312 дарегинде жайгашкан имараттын базасында бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Ч.Сатаев көчөсү №29 дарегинде жайгашкан мурдагы №12 бала бакчасы кайра кайтарылып алынсын жана ал имаратка Талас райондук, шаардык билим берүү берүү бөлүмү көчүрүлсүн.
2. Талас райондук, шаардык билим берүү берүү бөлүмүнө Ч.Айтматов көчөсү №312 дарегиндеги имараттын базасында бала бакча ачууга макулдук берилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) жүктөлсүн.
Төрага | И. Ырсалиева |