Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 10-февралы № 46/1
Кочкор-Ата айылынын көчөлөрүнүн бирине Усөнбаев Акматтын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХIII кезектеги сессиясы Кочкор-Ата айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Усөнбаев Акматтын ысмы Кочкор-Ата айылынын Үч-Коргон участкасынан «Талаа» насостук станциясына кетүүчү көчөгө ыйгарылсын.
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо,иретке келтирип көрсөтмө тактайларды ,үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы А.Усөнбаевдин уул-кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор-Ата айылынын айыл башчысы З.Бабашовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |