Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 10-февралы № 46 /2
Кызыл-Сенир айылынын көчөлөрүнүн бирине Жеенбеков Токубайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХIII кезектеги сессиясы Кызыл-Сенир айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ-КЫЛАТ:
1. Жеенбеков Токубайдын ысмы Кызыл-Сенир айылынын Пусуров Даниярдын үйүнөн Ашимов Акылдын үйүнө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо,иретке келтирип көрсөтмө тактайларды ,үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Т.Жеенбековдун уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысы М.Темировко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |