Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 10-февралы № 47
Кызыл-Октябрь айылына мазарга жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 18- беренесинин 8-пунктуна ылайык Кызыл-Октябрь айылынын элдеринин атынан түшкѳн арызды жана айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIII кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылынын түндүк-батыш жагындагы айыл чарба багытында эмес жерден мазарга 6,0 га жерди ажыратып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин ажыратып берүүгѳ байланышкан тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл ѳкмѳткѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |