Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 10-февралы № 49
Эски Покровка жана Гузар айылдарынан турак жай курууга жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл ѳкмѳттүн калкынын тез ѳсүүсүн жана турак жай курууга элдин суроо-талабы күч болуп жаткандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-берене-сине таянып ,айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIII кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке турак жай куру үчүн :
-Эски Покровка айылынан - 1,3 га ;
-Гузар айылынан - 1,0 га,
Бардыгы болуп 2,3 га жер тилкесин ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин ажыратып берүүгѳ байланышкан тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл ѳкмѳткѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |