Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05-марты № 50
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүң 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысынын маалыматын жана бюджет,финансы,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын жер-жерлерде аткарылган иштер тууралуу берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIV кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгү 19776,6 мин сомго жана чыгаша бѳлүгү 19717,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2.Айланма акча каражаттарынын 2018-жылдын 01-январына карата калдыгы 2549,2 мин сом,атайын каражаттардын калдыгы 202,9 мин сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин жана ага кошумча сметалар түзүлүп райондук каржы бѳлүмүнѳ тапшырылсын.
3. 2018-жылдын бюджети бекитилгенден кийин кирешенин «Берилген лицензияны кармап туруу» булагынан түшкѳн 1534,0 мин сом акча каржатын иштетүү максатында кошумча сметалар түзүлүп райондук каржы бѳлүмүнѳ тапшырылсын.
4.Республикалык бюджеттен келүүчү трансферттердин биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр (электр энергия, катуу отун) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багыталгандыгы жана жоопкер болушары эскертилсин.
5.Айыл ѳкмѳттүн 2017-жылдагы бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ белгиленип бирок каржыланбай калган жумуштарга 2018-жылдын бюджетин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
6.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ бюджет,финансы,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына,айыл ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовко,жооптуу катчы К.Сопуевке жана ФЭБ башчысы А.Араповко тапшырылсын.
Төрага | К. Мусаев |