Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05-март № 51
Жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндѳ
Айыл ѳкмѳттүн бюджетине кошумча киреше киргизүү менен кѳтѳрүү,жарандарга жаныдан жумуш ордуларын түзүү,айыл ѳкмѳттүн инфраструктурасын жакшыртуу багытында Кызыл -Октябрь айыл Ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовдун сунушун ,айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын жер Кодексине ылайык айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIV кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаман-Адыр участкасынан ѳндүрүштүк муктаждык үчүн кыш заводун курууга айыл чарба багытындагы кайрак айдоо жерлерден:
-109 контурдан -4,0 га,
-147 контурдан -6,0 га
Жалпысы 10,0 га жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнѳр жайынын,транспорттун,энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жагы суралсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл Ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3. Ѳзгѳн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан,Ѳзгѳн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер участкаларынынын категориясынын которулушу боюнча документациясын мыйзам чегинде мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |