Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кууганды айылдык кеңешинин эл депутаттарынын XVI –чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2016-жылдын 29-февралы № 1/5
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата салыктын түрлөрүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Э.Нуркожоеванын маалыматын угуп
Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Баш-Куганды айыл аймагынын ФПСтин жерлеринин ижара акысынын баштапкы баасы төмөндөгү көрсөткүчтө бекитилсин:
- суу баскан 1 га жерге -1500 сом.
- кайрак 1 га жерге – 700 сом.
- чабынды 1 га жерге – 700 сом.
2. Жумгал районунун Баш-Куганды айыл аймагынын зоналдык коэффиценти төмөндөгү көрсөткүчтө бекитилсин:
- айыл чарба багытында эмес жерлерден;
- короо –жай жана багбанчылык;
- огород участокторундагы пайдаланган жерлерге, мүлк салыгына КЗ (зоналдык коэффицент) - 1,2 ставкасы менен бекитилсин.
3. Жумгал районунун Баш-Куганды айыл аймагынын жазгы айдап себүүнү тарифи төмөндөгү көрсөткүчтө бекитилсин:
- айдоо – 1000 сом, күйүүчү май 25 сом, беде аянты – 30 литр, себүү 500 сом, күйүүчү май 10 литр, тырмоо – 600 сом, күйүүчү май 10 литр көрсөткүчүндө бекитилсин.
4. Жумгал районунун Баш-Куганды айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүндөгү жергиликтүү салыктык эмес киреше катары таштанды салык ар бир түтүндөн 20 (жыйырма ) сомдон бир жылга бир жолу алынусу бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
6. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal .kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Ажыгулов |