Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05-март № 52
Айыл ѳкмѳттүн аймагындагы калкка жана Өзгөн районунун аймагында болуп өткөн жер көчкүдөн жапа чеккендерге турак жай курууга жер берүү үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн элинин турак жай муктаждыктарын чечүү жана Өзгөн районунун аймагында болуп өткөн жер көчкүдөн жапа чеккендерге турак жай куруу үчүн жер участкаларын берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине таянып,элдин суроо талаптарын эске алуу менен айыл ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовдун сунушун ,айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIV кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жеке турак жай салуу үчүн айыл ѳкмѳттүн айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлеринен :
1. Кызыл-Сенир айылынан- 166 контур -5,0 га,
160 контур -9,6 га,
161 контур -5,5 га,
161-1 контур -2,0 га
Бардыгы 22,1 га жер.
2.Кызыл-Октябрь айылынан 105 контур -15,4 га,
105 контур -7,7 га,
103 контур -2,2 га,
99 контур -10,0 га
Бардыгы 35,3 га
2.Кочкор-Ата айылынан -1356 контур -5,8 га,
-1222 контур -7,4 га,
-1357 контур -9,4 га,
-1223 контур -10,4 га,
-1222 контур -0,4 га,
-1225 контур -5,0 га,
-1557 контур -13,1 га
Бардыгы 51,5 га.
Жалпысы 108.9 га жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформациялоого сунуш кылынсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана жер көчкүдөн жапа чеккендерге 55,9 га жерди Кочкор-Ата жана Кызыл-Октябрь айылдарынан,айыл өкмөттүн калкына 53,0 га жер аянтын бөлүү айыл Ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3.Ѳзгѳн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан,Ѳзгѳн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер участкаларынынын категориясынын которулушу боюнча документациясын мыйзам чегинде мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |