Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05-март № 53
Таза суу пайдалануучулар үчүн тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн аймагында элди таза суу менен камсыздоо багытында иш жүргүзүп келе жаткан «Кызыл-Сенир-таза суу», «Тогуз-Булак-таза суу» «Тогуз-Булак-Береке-таза суу» ИСКАКБларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIV кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардагы таза суу пайдалануучуларга ИСКАКБ лар боюнча тѳмѳндѳгүдѳй тарифтер бекитилсин:
1. «Кызыл-Сенир-таза суу» ИСКАКБ- кѳчѳдѳгү колонкалардан суу алуучуларга ай сайын 50 сом,короосуна киргизгендерден 100 сом.
2. «Тогуз -Булак-Береке-таза суу» ИСКАКБ- кѳчѳдѳгү колонкалардан суу алуучуларга ай сайын 70 сом,короосуна киргизгендерден 100 сом.
3. «Тогуз -Булак-таза суу» ИСКАКБ- кѳчѳдѳгү колонкалардан суу алуучуларга ай сайын 70 сом,короосуна киргизгендерден 100 сом.
2. ИСКАКБ жетекчилерине элди толук таза суу менен камсыздоого жетишүү жана
акыларды толук көлөмдө чогултуу менен ишканаларды өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ социалдык маселелер боюнча туруктуу
комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К. Мусаев |