Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05-март № 54
Эски Покровка айылындагы эски мастерскойду спортзалга айландырууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн элинин жана жаштарынын кѳп жылдан бери жабык спорт зал жоктугу тууралуу суроо-талаптарын жана муктаждыктарын чечүү максатында Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ муниципиалдык менчик жѳнүндѳ» Мыйзамына таянып,айыл ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовдун сунушун, айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIV кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эски Покровка айылындагы эски мастерскойду жабык түрдѳгү спортзалга айландырууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл Ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |