Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05 март №55
Кызыл-Октябрь айыл Ѳкмѳтүнүн аймагындагы Гузар айылында бала-бакча ачуу боюнча
Кызыл-Октябрь айыл Ѳкмѳтүнүн Гузар айыл тургундарынын 2018-жыл 1-мартындагы айылга бала бакча ачуу боюнча жалпы элдик жыйынынын токтомун ишке ашыруу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылган XIV кезектеги сессиясынын кенешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Ѳкмѳтүнѳ караштуу Гузар айылындагы А. Тѳлѳнов атындагы орто мектептин профили ѳзгѳртүлгѳн эски имаратынына бала бакча ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төрага | К. Мусаев |