Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05-март № 56
Жаман-адыр участкасынан мечит курууга жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл өкмөттүн аймагындагы Жаман-Адыр участкасына райондун аймагынан жер көчкүдөн жабыр тартып көчүп келгендерден жаралган элдин суроо –талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине таянып , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIV кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаман-Адыр участкасынан мечит курууга жер участкасын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл Ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |