Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 05-март № 57
Тогузунчу участкасынан мечит курууга жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл өкмөттүн аймагындагы Кызыл-Сенир айылынын Тогузунчу участкасынынын элинин суроо –талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине таянып , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенештин VI чакырылыш ХIV кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогузунчу участкасына мечит курууга жер участкасын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл Ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |