БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2015-жылдын 16-майы № 4/5
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26- беренесине ылайык, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан катоодон өткөрүлүп, веб-сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Жунусов |