Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 10-май №5/3
Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Дилазык” балдар бакчасына электр чордонун орнотуу жөнүндө
1999-жылдын 2-июнундагы Кыргыз Республикасынын жер кодексинин №45 токтомунун 20-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Дилазык” балдар бакчасына электр чордонун орнотуу үчүн 0,04 га жер бөлүнүп берилсин.
2.Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3.Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу,көрсөтүү,мыйзам чегинде аткаруу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисине жана жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Эргешбаева |