Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 26-июнь №6/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылындагы 2017-жылдын 23-июнундагы элдик жыйындын № 06 протоколунун негизинде
Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына курулуп жаткан бала бакчанын имараты айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алуу менен 60 оорундуу бала бакча ачылсын.
2.Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылындагы жаңыдан курулган бала бакчасына жергиликтүү бюджеттен 9 айдын жыйынтыгы менен төмөндөгү беренелерге
каржылоо бекитип берилсин. ( Тамак-аш, комуналдык кызмат, электр энергия, көмүр. чарбалык жана конц. товар ж.б.)
3. Мыйзамга ылайык сметасын эсептеп чыгуу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн каржы үнөмдөө бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго тапшырылсын.
4.Арча-Булак айылына курулган бала бакчанын тийиштүү иш кагаздарын, юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы бала бакчанын директору М.Шекеевага жүктөлсүн.
5.Жаңы ачылган бала бакчанын кызматкерлеринин штаттык бирдигин жана эмгек акысын чечип берүү жагы Алай райондук Билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго тапшырылсын.
Төрага | Э. Эргешбаева |