Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 28-сентябрь №7/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2017-2018-окуу жылына даярдыктары,мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгы жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2017-2018-окуу жылына даярдыктары канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2.Тлды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу мекеме ишканалардын кышка карата көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.
3.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген планды 2017-жылдын 20-декабрына чейин төгүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Доорбековго тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Эргешбаева |