Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 22-декабры №10/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы 2018-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-бөлүгүнүн
17-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2018-жылга карата киреше бөлүгү 8 058,7 сом,анын ичинен өздүк каражат 7 937,7 сом,атайын каражат 121,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 8 058,7 сомго бекитилсин.
2.Арча-Булак айылына жаңыдан ФАП куруу үчүн акча каражаты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.
3.Айыл өкмөттүн Арча-Булак айылына 1 штат бирдигине айыл башчы жана айыл өкмөтүнө 1 штат бирдигинде ВУС инспектору штаттык расписаниесине бекитилип берилсин.
4.Каралган бюджетти смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Эргешбаева |