Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 26-декабры № 75
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин бекитуу жана 2019-2020-жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолу жонундо
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга сунуш кылынган бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жонундогу айыл өкмөтүнүн финансы экономика-болумунун башчысы Б.Шайдуллаевдин билдируусун угуп Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше болугу 16620,4 (он алты млн алты жуз жыйырма мин торт жүз) сом жана чыгаша бөлүгү 16620,4 (он алты млн алты жуз жыйырма мин торт жүз) сом суммасында бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорунун 2019-жылга бюджетинин божомолунун киреше болугу 16947, 8 (Он алты млн тогуз жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом жана чыгаша болугу 16947, 8 (Он алты млн тогуз жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом, 2020-жылга киреше бөлүгү 17191,4 (он жети млн бир жуз токсон бир миң төрт жүз) сом жана чыгаша болугу 17191,4 (он жети млн бир жуз токсон бир миң төрт жүз) сом бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жана финансы экономика болумунун башчысы Б.Шайдуллаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Пирматов |