Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 11-августу № 27
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургундарынын 1-июль 2017-жыл бала-бакча, ГСВ,мечит боюнча жалпы жыйынынын токтомун бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургундарынын 1-июль 2017-жыл бала-бакча, ГСВ, мечит боюнча жалпы жыйынынын токтому менен таанышып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы эски мечиттин ордуна Ак-Жар айыл өкмөтүнө келип жаткан инвестициялык долбоорлордун негизинде ал жерге жаңы мечит жана ГСВнын жаңы зданиясыны куру үчүн жалпысы 0,16 га жер бөлүнүп берилүү жөнүндөгү жана айылдагы эски ГСВнын зданиясын жана ээлеген аянтын «Кушубак» балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндөгү элдик жыйындын токтому бекитилсин.
2. Суралсын райондук санэпидемстанция, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо мекемелеринен алардын талаптарына ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |