Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18-ноябры № 30
Ак-Жар айыл өкмөтүндө элдердин таза суу менен камсыз болуусу жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айылындагы «Замзам суу» , Большевик айылындагы «Орто – Азия булагы» таза суу боюнча ишканаларынын элди таза суу менен камсыз кылуудагы жүргүзгөн иштери боюнча отчетун жана суу акысынын өлчөмдөрү боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн элин таза суу менен камсыз кылуудагы «Замзам суу», «Орто-Азия булагы» таза суу боюнча иш каналарынын жүргүзгөн иштери эске алынсын.
2. Жогорудагы таза суу ишканаларынын чарбалык эсепти өздөрү жүргүзгөндүгү ( ремонт, электр энергия ж/б) эске алынып, айына Большевик айылы үчүн кожолукка жалпы пайдалангандарга 80 сом, короосуна киргизгендер үчүн 100 сом өлчөмдөрү бекитилсин.
3. Семиз – Көл айылынын элин таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорун тез арада ишке ашыруу Семиз-Көл айылынын айыл башчысы Т. Бубаевге социалдык коргоо адиси С. Мурзамамытовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин
«Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |