Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18-ноябры № 31
Ак-Жар айыл өкмөтүндө Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн аймагында, өзгөчө жазгы жамгыр селдерден сактануу максатында алдын ала чараларды көрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы «Жазы» дарыясындагы дамбанын акыбалын, Какыр айылындагы жер көчкү коркунучу бар адырлардын түзүлүшүн алдын ала байкоо жүргүзүп, тиешелүү жетекчиликткерге ( МЧС, Рай.адм.) билдирүү берүү айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
2. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча долбоор түзүү, чет элдик инвестицияларды тартуу ж.б жолдор менен аракет кылуу жактары өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн негизги иши катары эсептелсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин « Айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссисына жана айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |