Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18-ноябры № 33
Ак-Жар айылы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча каражаттарды кароо жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча каражаттарды кароо боюнча айылдык кеңештин «Бюджет, финансы, экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын киргизген сунушунун негизинде жана ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн 200,0 миң акча каражаты 2224 статьясына жаңы ачылган бала бакчага көмүр үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айылдык Кеңештин «Бюджет, финансы, экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |