Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18-ноябры №34
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн каражаттарды жумшоо жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн каражаттарды кароо боюнча айылдык кеңештин «Бюджет, финансы, экономиялык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын киргизген сунушунун негизинде жана ФЭБ башчысынын кошумча түшкөн 96,774 миң сом жана үнөмдөлгөн 200,0 миң сом боюнча билдирүүүсүн угуп , талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн 200,0 миң сом жана кошумча түшкөн 96,774 миң сом жалпысы 296,774 миң сом акча каражаты электр энергиясынан М.Кулуев мектебине эсептелген буга чейинки карызын төлөөгө 22311200 статьясына карата бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлү айылдык Кеңештин «Бюджет, финансы, экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |