Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18-ноябры № 35
Какыр айылынын тургуну Токтогулов Орозали Жунусалиевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңешин айыл өкмөтүнүн аймагында элге татыктуу кызмат кылган, кадыр барктуу адамдарды дайыма даңазалоону традиция кылып аткарып келет. Ушул максатта Какыр айылынын элинин, депутатарынын сунуш, колдоолорун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдерди медициналык жактан тейлөөдөгү жакшы ийгиликтери, кылган эмгектеринин негизинде илимий даражаларга жетишкендиги бааланып Какыр айылынын тургуну Токтогулов Орозали Жунусалиевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2.Какыр айылынын тургуну, медицина илиминин доктору Токтогулов Орозали Жунусалиевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |