Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 14-декабры №36
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 11972,0миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2019-жыл учун 10229,4 мин сом, 2020-жыл учун 10126,2мин сом олчомдорундо бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2018-жылга чегерүүлөрдүн ченеми төмөндөгүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн саттуудан түшкөн салыктан 50% өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктын, милдеттүү патенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн – айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% өлчөмүндө
в) жер казынасынан пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роляти) алардын иштелген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтуу бюджеттерине – 50% өлчөмдө;
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке – 100% өлчөмдө белгиленсин.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коефиценттерин жогорулатуу боюнча жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016 - жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен бекитилген 2018-2020-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 110,7миң сом өлчөмдө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезетеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
8. Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларын каржылоого багытталсын.
9. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
10. Айыл өкмөт тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
11. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын кражаттын 100% Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
12. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жургузулгөн накталай акча каражаты, 2018-жылыдын 1-январына карата 150,0миң сом белгиленсин.
13. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын чыгаша бөлүгүнөн белгиленип каржыланбай калган каражаттары 435миң сом, атайын каражаттан 69,6миң сом 2018-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоосу сунушталсын.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Бюджет, финанансы, салык жана социалдык меселелер боюнча» туруктуу комссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |