Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 14-декабры №37
Большевик айылындагы С. Эшматов атындагы орто мектеби жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Большевик айылына жаңы мектеп башка жерге пландаштырылып курула тургандыгын, мектептин зданияларын, аянтын коромжусуз сактап калуу максатын көздөп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы орто мектебинин зданиялары, аянттары эч кандай сатыка коюлбашы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2. Келечегинде жаштардын эс алуу борбору жана элдерди тейлөөчү тармактар катары пайдаланылуусу стратегиялык планга киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл башчысына жана айылдык Кеңештин «Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |