Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 25-январы №41
Айыл өкмөтүнүн айылдарынан тандалып алынган артыкчылыктуу долбоорун жана биргелешкен мониторинг, баалоо тобунун курамын бекитүү
Ак-Жар айылдык Кеңеши 2018-жылдын 24-январында айыл өкмөтүнүн айылдарынын жалпы калкынын катышуусундагы «Артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу» боюнча болуп өткөн чогулушунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн айылдарынан артыкчылыктуу долбоору деп табылган
А) Ак-Жар айылындагы үй - бүлөөлүк дарыгерлер тобунун (УДТ№ 22) зданиясын бала бакчага карата реконструкциялоо
Б) Большевик айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорлору бекитилсин
2. Бул долбоорлордун ишке ашуусун колдоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен ар бирине 100миң сом, жалпысы 200миң сом акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгү курамда бекитилсин :
1.Мамадразаков М. айылдык кеңешинин депутаты Ак-Жар айылы
2.Кыдыргычова Н. айылдык кеңештин депутаты Ак-Жар айылы
3. Момунбеков К. жеке чарба Большевик айылы
4.Алтынбеков К. жеке чарба Семиз-Көл айылы
5. Убайдуллаев А. жеке чарба Семиз-Көл айылы
6.Орозалиев П. жеке чарба Ак-Жар айылы
7. Карабаев С. жеке чарба Семиз –Көл айылы
8. Төлөнбаева Г. Жеке чарба Большевик айылы
9. Кадыралиева З. ГСВ , врач Ак-Жар айылы
10. Жолдошева А. АДК м\чүс\ Какыр айылы
11. Назарбаева Г. Мугалим Какыр айылы
12. Көчөрова Ж. «Таза суу» бух Большевик айылы
13. Абдукеримова А. Бала-бакча башчысы Большевик айылы
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин « Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |