Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2015-жылдын 7-октябры № 39
2015-жылдын 12 айы ичиндеги салык планынын аткарылышы жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Мамажанованын 2015-жылдын 12 айы ичиндеги салык планынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп, Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөттүн салык инспектору Б.Мамажанованын 2015-жылдын 12 айы ичиндеги планынын аткарылышы боюнча маалыматты “ канааттандырарлык” деп табылсын.
2. 2015-жылдын 12 айы ичинде жеткирилген 1299,8 миң сом салык планы 1350,0 миң сомго же 103,9 % га аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2015-жылдын жыйынтыгы менен берилген салык планынын бардык түрлөрүн толук жана ашыра аткаруу боюнча чаралар көрүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Алтын-Булак айылдык кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Саипов |