Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 2-февралы № 44-а
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала-бакчаларын атайын каражаттын эсебинен кошумча каржылоо жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши 2017-жылдын эсебинен Какыр айылында «Эркебу Апа» бала- бакчасы 50 балага жаны ачылып, ал эми «Кушубак» бала-бакчасына кошумча 40 бала Ак-Тилек участкасынан кошулуп жалпы 95 баланы 2018-жылда да кошумча атайын каражаттын эсебинен каржылоого туура келген жана Большевик,Ак-Жар,Какыр айылдарындагы бала-бакчалардын ар кандай чыгымдары кошула турган жагдайларды талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы «Эркебу апа» жана Ак-Жар айылындагы «Кушубак» бала-бакчаларын (ата-энелердин мүчөлүк акысына жана ар турдуу чыгымдарга төлөмдөр) атайын каражаттан 2018-жылга каржылоо 95 балага карата ( 95Х500х12) 570,0мин сом жана жалпы 245 балага 50сомдон ар кандай чыгымдарына 147,0мин сом жалпысы 717,0мин сом өлчөмүндө бюджетке кошумча катары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Бюджет,финансы,салык маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |