Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 24-февраль №48
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айыл тургуну Токторбаев Бектемир Абдыгапаровичке «айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүндө жашаган, элге кызмат кылып кадыр баркка татыган атуулдардын эмгегин баалап, жакшы наамдарды берүүнү дайым ишке ашырып келет.Ошол максаттагы Семиз-Көл айылынын 2018-жылдын 23-февралындагы чогулушунун протоколун карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын тургуну Токторбаев Бектемир Абдыгапаровичке айыл өкмөтүнүн айыл чарбачылыгын , социалдык акыбалын жакшыртууга кошкон салымын жана Семиз-Көл айылынын жалпы элинин 2018-жылдын 23-февралындагы чогулушунун протоколунун негизинде «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Семиз-Көл айылынын тургуну Б.Токторбаевге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик ардак тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |