Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 24-февралы №49
Семиз-Көл айылынын «Таза суусун» долбоорлоо үчүн жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Семиз-Көл айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында тиешелуу жер аянттарын бөлүп берүү зарылдыгы жөнүндө жер адисинин көрсөтмөсүн угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Көл айылынын Көл-Башы участкасынан « Таза суунун» суу кампасы үчүн №557 контурдан 1,0га ,« Таза суунун» суу насосун орнотуу үчүн №547 контурдан 0,60га жер участокторун бөлүп берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин « Айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |