Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 6-апрели № 50
2018-жыл 6-апрели № 50Ак-Жар айылы «Жайыт комитетинин 2018-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү жана малчыларга коюлган шарттар жөнүндө»
Ак-Жар айылдык Кеңеши жайыт комитетинин төрагасы К.Турдуманбетовдун 2017-жылда аткарылган жумуштарынын натыйжалары жана 2018-жылга айыл чарба департаменти менен милдеттендирилген план бюджети боюнча жана малчыларга коюлган шарттар боюнча маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин төрагасы К.Турдуманбетовдун 2017-жылда аткарган жумушу канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин райондук айыл чарба департаменти жана райондук мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте макулдашылган 2018-жылга карата пландаштырылган бюджети 323,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнө бөлүнгөн жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, эгерде малчы башка жактан мал алса ошол алган малынын санынана жараша жайыт акысы эки эсе көбөйтүлүп төлөнүүсүн талап кылуу жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин. Малчы менен мал ээсинин арасындагы түзүлгөн келишимдин негизинде мал акыларынын төлөнүп берүүсү мыйзамдуу талап кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасына (К.Турдуманбетов) жана айылдык Кеңештин «Айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |