Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 6-апрели № 51
Малдардын жайлоого көчүү, жайлоодон келүү мөөнөтү жана эгинге тушкон мал ээлерине тартиптик жаза көрүү чаралары жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши малдардын жайлоого көчүү, жайлоодон келүү мөөнөттөрү жана эгинге түшкөн малга карата мал ээлерине тартиптик жаза көрүү чаралары жөнүндө айылдарда өткөзүлгөн жыйын, чогулуштардын негизинде жана малчынын да кызыкчылыгын эске алган жагдайда талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган атуулдардын эгин тегиндерин, Чөп ормосун сактоо башкача айтканда алардын укуктарын мыйзамдуу түрдө коргоо максатында айыл өкмөтүнүн бардык малчылары үчүн бирдей төмөнкү тартип эрежелери бекитилсин:
- жайлоого көчүү мөөнөтү 1-майга чейин
- жайлоодон келүү мөөнөтү 15-сентябрдан кийин
2. Эгерде ушул тартиптик эрежелер сакталбай кеч кетип, же эрте көчүп келүүгө барышса ар бир кеч кеткен, эрте келген ар бир күнүнө 1,0 мин сом жазана салынуусу бекитилсин, айыл башчы, участкалык инспектор, депутаттардан түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде.
3. Эгерде элдин чөп ормосуна түшкөн ар бир кой, эчкилерге 100 сомдон жазана, жылкы, кара малга 300 сом жазана бекитилсин.
4. Айылдык кеңеш жеке жарандардын кызыкчылыгын коргоо менен катар кээ бир учурларда алардын башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгына маани бербеген учурларын да жөнгө салуу максатында эгинге, чөп ормого түшкөн малга жогорудагыдай эле айылдык комиссиянын актысы түзүлүп келтирилген чыгымдар такталып укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилүүсүн сунуштайт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |