Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 05-августу № 24\ 1
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин аймагындагы№ 3 он мандаттуу «Совет» шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты Аматов Маматкерим Матазовичтин депутаттык ыйгарым укуктарын Бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жыл 1 – июндагы № 106 «Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин аймагындагы № 3 он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты Аматов Маматкерим Матазовичти айылдык кеңештин депутаттыгына таануу жөнүндөгү» токтомунун негизинде Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин аймагындагы№ 3 он мандаттуу «Совет» шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты Аматов Маматкерим Матазович айылдык кеңештин депутаттыгына шайлангандыгы көнүлгө алынсын.
2. Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин депутаты Аматов Маматкерим Матазовичтин депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына сунуштоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага тапшырылсын.
Төрага | Т.Абдыкадыров |