Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 6-апрели № 52
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын көчөсүнө ат кою жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Какыр айлынын тургуну, соода тармагында бир канча жыл үзүрлүү эмгектенген Ж.Бапиевдин эмгегин баалап жана жердештеринин 2015-жылдын 20-сентябрындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын Г.Айдаркуловдун үйүнөн Б.Даткабаевдин үйүнө чейинки кеткен көчөгө эмгек ардегери Бапиев Жапардын ысымы берилсин.
Мындан ары ал көчө « Бапиев Жапар» атындагы көчө деп аталсын.
2. Бапиев Жапардын балдарына, тууган уруктарына көчөнүн акыбалын жакшыртуу, шагыл-төгүү, трубаларды кою ж.б. иштерди мезгил мезгили менен аткарып туру жактары сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына жана Какыр айыл башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Тургунбаев |