Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 6-апрели № 53
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу М.Кулуев атындагы орто мектебинин мугалими Маматова Канайымга « Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн аймагында татыктуу эмгеги жана коомдук иштерге активдөө катышкандыгы менен таанылган адамдарды барктоо, даңазалоону өзүнүн ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү катары эсептеп мектептин кесиптик кошунунун жана Ак-Жар айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу М.Кулуев мектебинин мугалими Маматова Канайымга мектептин кесиптик кошунунун жана Ак-Жар айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколдорунун негизинде « Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. М.Кулуев атындагы орто мектебинин мугалими, Ак-Жар айылынын тургуну Маматова Канайымга «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |