Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 6-апрели № 54
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы санитардык тазалык иштери, айыл чарба жолдору жана үй курулуучу аянттарды тактоо жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши « Таза жашоо» урааны алдында 3 айлык жарыялангандыгын эске алып, жакында башталуучу эгин оруп жыю, тоют ташуу иштеринде айыл чарба жолдорунун мааниси, ошондой эле жарандардын үй куруучу аянттары толук такталып бүтө электигин эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында санитирдык тазалык иштерин жүргүзүү максатында Ак-Жар айылындагы таштанды таштоочу чункурду чонойтуп башка жерден казуу, айыл чарба жолдорун ремонттоо үчүн, бюджеттен бөлүнгөн акчаны убагында сарамжалдуу пайдаланууну күн мурунтан баштоо, (портал, тендер) үй курулуучу аянттарын архитектура башкармалыгы менен бирдикте айылдардын ген пландарын тактап чыгуу айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |