Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 06-апрели №55
“Большевик айылындагы №38 С.Эшматов орто мектептин курулушу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин окуу корпустары азыркы күндүн талабына жооп бербей, же кошумча окуу корпусун салууга жер аянты тар болгондуктан, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Большевик айылынын жалпы элдик жыйынынын 25-март 2018-жылдагы протоколунун жана Большевик айылынын тургундарынын суроо-талабын канааттандыруу максатында Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жер пайдалануу планы боюнча Большевик айылындагы №244 контурдагы сугат айдоо жер аянтынан №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин жаңы 550 орундуу мектебинин курулушу үчүн 27500 кв.м (2,75га) жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Мамлекеттин фондусунда турган №244 контурдан сугат айдоо жерин “Айыл чарба жерлери” категориясынан мектеп курулушу үчүн “калктуу конуштар” категориясына которулсун.
3. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы суралсын.
4. Курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана айылдык кеңеш тарабынан керектүү болгон иш-кагаздарын даярдоо айылдык кеңештин “социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Тургунбаев |