Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2016-жылдын 5-августу № 24 \2
“Кара-Кулжа автотранс” ачык акционердик коомунун автобекетти автобазага көчүрүүго макулдук берген 13.06.2016-жылдагы протоколдук чечимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын № 31 “Айылдык кеңештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 1, 3, -бөлүмчөсүнүн негизинде жана “Кара-Кулжа автотранс” ачык акционердик коомунун автобекетти автобазага көчүрүүго макулдук берген 13.06.2016-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара –Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа автотранс” ачык акционердик коомунун автобекетти автобазага көчүрүүгө макулдук берген 13.06.2016-жылдагы протоколдук чечими бекитисин.
2. Кара-Кулжа айылындагы Ж.Калматаев атындагы көчөдө жайгашкан автобекет автобазага көчүрүлсун.
3. Автобекетти автобазага көчүрүуго Кара-Кулжа айыл аймагындагы жайгашкан РИИБ нин начальниги милициянын полковниги М.Турганбаев, Кара-Кулжа РВФКБ башчысы А.Караев, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы Р.Кыдырбаев, Кара-Кулжа райондук СЭС тин башкы дарыгери М.Мамытов , Кара-Кулжа райондук мам. каттоо башкармачылыгынын башчысы Э.Абдраев комок көрсөтүшсүн.
4. Автобекетти автобазага көчүрүугө көмөктөшүүгө туруктуу жумушчу комиссиянын курамын бекитип берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн .
Төрага | Т.Абдыкадыров |