Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 20-марты № 14/2
Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2018-жылдын 13-мартындагы чечимин бекитүү жѳнүндѳ
Олкѳбүздүн экономикалык , интеллектуалдык жана рухий патенциялын арттырууга салым кошкон жарандардын эмгегин баалоо жана алардын элдин жана мамлекеттин алдында коомдук –маданий, гуманитардык , кайрымдуулук жана башка иштердеги эмгектерин таануу максатында Чалма айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2018-жылдын 13-мартындагы №1 чечими бекитилсин;
«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2018-жылдын 13-мартындагы №1 чечимине ылайык , тѳмѳндѳгү жарандарга 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын жана «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» тѳш белгиси , ошондой эле Чалма айылдык Кенешинин ардак грамотасы менен сыйланышсын.
- Атамбаев Жусупакмат Сатышович , фермер, ишкер, «Даңк» орденинин, 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси ;
- Бостонкулов Маматибраим , белгилүү обончу , композитор жана аткаруучу;
- Токтосунов Айтмамат , белгилүү хирург-дарыгер «КРнын саламаттыкты сактоосунун ардактуу кызматкери», медицина илимдеринин кандидаты.
3. Ардак наам ээлерине сыйлыктарды тапшыруу , Жобого ылайык, 2018-жылдын 21-мартында ѳтүүчү майрамдык салтанатка белгиленсин жана анын аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын тѳрагасы Абдыразаков Бакытбек Сагынбаевичке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кадыркулов |