Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 27-марты №15/2
Белгилүү обончу Маматибраим Бостонкуловду «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамына көрсөтүү жөнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана тиешелүү мыйзамдарына ылайык, жарандарыбызды мамлекетибиздин ар түрдүү тармактарында эмгектенүү менен ошол тармактарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, алардын эмгектерин баалай билүү жана сыйлоо максатында Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Белгилүү обончу жана композитор, Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун, Улуттук жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы», «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы» төш белгилеринин ээси Маматибраим Бостонкуловду коп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамына көрсөтүү сунушталсын;
2. Бул сунуш боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнө жолдомо берилсин.
Төрага | А. Кадыркулов |