Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 11-декабры № 36
Турак жай куруу үчүн жер участокторун которуу( трансформатциялоо)жөнүндө
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргызстан айылынын күн батыш тарабындагы № 29 01 контурунда жайгашкан жакынкы мал жайыт жеринен 12,0 га жер аянтын, Корс- Этти айылынын күн чыгыш тарабындагы № 28 40 контурунда жайгашкан мал жайыт жеринен 4,0 га жер аянтын жана № 28 43 контурунда жайгашкан мал жайыт жеринен 3,4 га жер аянтын калктуу конушка турак жай куруу үчүн жер участкасын которуу трансформациялоо жөнүндөгү маселесин карап жана талкуулап чыгып Ийри-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргызстан айылынын күн батыш тарабындагы № 29 01 контурунда жайгашкан жакынкы мал жайыт жеринен 12,0 га жер аянтын, Корс- Этти айылынын күн чыгыш тарабындагы № 28 40 контурунда жайгашкан мал жайыт жеринен 4,0 га жер аянтын жана № 28 43 контурунда жайгашкан мал жайыт жеринен 3,4 га жер аянтын жеке менчик турак жай куруу үчүн “ Айыл чарба жер ” категориясынан “ Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуп ( трансформациялоого ) сунуш кылынсын.
2.Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу боюнча, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктүк укуктарды катоо боюнча башкармалыгынан жер участокторун каттоо үчүн тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүүнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Курманбеков |