Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма тортунчу сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 5-августу № 24 \4
1-Май айылындагы 05.06.2016-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын №5 “Копуро-Баш участогундагы Айылчы копуросунун жанына 300м дамба курулушун курууга уруксат берүү жөнүндөгу” протоколдук чечимин бекитип берүү жөнүндө
1-Май айылындагы 05.06.2016-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын №5 “Копуро-Баш участогундагы Айылчы көпүрөсүнүн жанына 300м дамба курулушун курууга уруксат берүү жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара –Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылындагы 05.06.2016-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын №5 “Көпүрө-Баш участогундагы Айылчы көпүрөсүнүн жанына 300м дамба курулушун курууга уруксат берүү жөнүндөгу” протоколдук чечими бекитилсин.
2. 1-Май айылындагы Көпүрө-Баш участогундагы Айылчы көпүрөсүнүн жанына 300м дамба курулушун курууга акча каражатынан жардам берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
3. Элдик салымы катары жумуштарды уюштуруу жагы 1-Май айылынын айыл башчысы Э.Алиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсөн .
Төрага | Т.Абдыкадыров |