Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 03-апрели № 47
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн арендага берилүүчү жерлеринин ижара акысы жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги Х- сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн арендага берилүүчү жерлеринин ижара акы төлөмдөрү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арендага берилүүчү ФПСтин жерлери соц фонд төлөмүнөн сырткары чөп ормо жана айдоо аянты 1 га. жерге 750 сом ижара акысы алынсын. Чон кыядан жогорку участкалардан 1 га жерге 500 сом ижара акысы алынсын.
2. Эшик алды 1 сотых жерге 10 сом, өз ара ар бир кожолука 50 сом , ашыкча каша 1 стых жерге 25 сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнү жер адиси Н. Беркмаматовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |