Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 03-апрели № 56
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Вет иниспекторунун мал–жандыктарды, үй канаттууларын эмдөөдө кызмат акысын бекитип берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги Х- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Вет иниспекторунун мал – жандыктарды, үй канаттууларын эмдөөдө кызмат акысын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында бир баш жылкыны, бир баш кара малды эмдөөдө кызмат акысы 25 сом, бир баш кой – эчкини эмдөөдө кызмат акысы 10 сом, үй канаттууларын эмдөөдө ар бир башына 5 сомдон кызмат акысы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Вет адиси Б. Төлөшовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .
Төрага | С. Курманбеков |